Бишкек шаарында “Жол кыймылынын жаш инспектору-2024” райондук кароо-сынагы  өттү.

Октябрь району боюнча мелдешке № 3,26,37,56,62,73,91 мектептердин командалары катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга төмөндөгүлөр ээ болушту:
1-орун – №26 ГК командасы;
2-орун – №73 орто мектептин командасы;
3-орун – №62 ОТК командасы.

Свердлов районунун аймагында кароо сынагы №67 мектеп-гимназиясынын базасында өттү. Ага №16, 32, 33, 67, 85 мектептер катышты.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр:
1-орун – №67 ОТК командасы;
2-орун – №85 орто мектептин командасы;
3-орун – №16 жана №32 мектептердин командасы.

Ленин району боюнча сынак №93 орто мектептин базасында өтүп, анда №7, 8, 50, 55, 77, 79, 80, 84, 90, 95 мектептер жана Р.Мамыралиев атындагы мектеп катышты.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр:
1-орун – №7 орто мектептин командасы;
2-орун – №79 орто мектептин командасы;
3-орун – №8 жана №55 орто мектептеринин командасы.

Биринчи май районунда №27 орто мектептин базасында «ЖКЖИ-2024»  өттү. Сынакка №6, 28, 29, 49, 54, 83 мектептер жана №1 лицей-интернаты катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча сыйлыктар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун – №54 орто мектептин командасы;
2-орун – №49 орто мектептин командасы;
3-орун – №29 МГ командасы.

Мелдештер окуучуларга жарандык тарбия берүү, балдардын жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу, Бишкек шаарынын мектептеринин окуучуларынын арасында көчөдө жана жолдордо коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн калыптандыруу иштерин активдештирүү максатында өткөрүлдү.