Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 8-9-май күндөрү Москва шаарына эки өлкөнүн борборлорунун ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү түзүү максатында иш сапары менен барган.

Сапар учурунда А.Дж. Джунушалиев Москва мэринин кеңешчиси, БРИКС өлкөлөрүнүн эл аралык муниципалдык форумун өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин төрагасы Л.В. Тягачев менен жолугушту. Тараптар 2024-жылдын 29-апрелинде Москва Өкмөтүнүн министри, Москва шаарынын тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар департаментинин жетекчиси С.Е. Череминдин Бишкек шаарына болгон иш сапарынын алкагында кол коюлган 2024-2026-жылдарга карата кызматташуу программасын ишке ашыруунун мындан аркы кадамдарын талкуулашты.

Москва тарап инвестицияларды, алдыңкы технологияларды тартуу, санариптик платформаны Кыргызстандын борборунун муктаждыктарына ылайыкташтыруу, ошондой эле Бишкек шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшүү жагынан жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.  Мындан тышкары, Ю.М.Лужков  атындагы Москва өкмөтүнүн Москва шаардык башкаруу университетинде Бишкек шаарынын мэриясынын кадрдык потенциалын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселелер талкууланды.

Муниципалдык кызматкерлерди Москва шаарына окууга жөнөтүү боюнча мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, Бишкек шаарынын мэри А.Ж.Джунушалиев 2024-жылдын 13-майынан 24-майына чейин Москва шаарынын Өкмөтүнүн Транспорт комплексинин базасында өтүүчү окуу курсун бүтүрүү процессин көзөмөлгө алууну тапшырды.  Окутуудан Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, “Бишкекасфальтсервис”, “Жол сыноо лабораториясы”, “Санариптик технологиялар борбору”, “Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасы",  «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканаларынын, ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери өтүшөт.

Кошумчалай кетсек, Москва Өкмөтү Бишкек шаарынын мэрин үстүбүздөгү жылдын август айында өтө турган БРИКС 2024 эл аралык муниципалдык форумуна катышууга чакырды.