Бишкек шаарындагы №33 мектеп-гимназиясынын базасында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган "Күжүрмөн даңк бурчу" салтанаттуу ачылышы өттү.

Согуштун ардагерлери, Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, Казакстандын коомдук ишмерлери, Кыргызстандагы казак диаспорасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин өкүлдөрү, №33 мектеп-гимназиясынын окуучулары, педагогдор жана ата-энелер коомчулугу катышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы Казакстандын элчилигинин демилгеси менен №33 мектеп-гимназиясында мектептин тарыхын чагылдырган "Күжүрмөн даңк бурчу" түзүлгөн.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Фрунзедеги жөө аскерлер окуу жайы №33 мектеп-гимназиясынын имаратында жайгашкан. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү  Ата Мекендин алдындагы аскердик милдетин абийирдүүлүк менен аткарып, фронтто эрдик менен салгылашкан. Мектепти бүтүргөндөрдүн арасында Советтер Союзунун Баатыры Василий Петрович Петрищев, Манас орденинин ээлери  Самибек Абазович Игембердиев, Сергей Извековдор бар.

Соңку изилдөөлөрдүн жыйынтыгында №33 мектеп-гимназиясынын имаратында жайгашкан Фрунзедеги жөө аскер мектебин Казакстандагы детектив жанрынын негиздөөчүсү, согуштун ардагери, Казакстан Республикасынын  Президенти К.К. Токаевдин атасы Кемел Токаевич Токаевдин жана согуштун ардагери, Казакстандын Эл Баатыры Рахымжан Кошкарбаевич Кошкарбаев  бүтүргөнү аныкталды.