Кароо-сынактын максаты борборубузда жашаган улуттардын ынтымагын арттыруу жана ар улуттун эне-тилин даңазалоо, ар улуттун тарыхын, адабиятын,маданиятын, улуулугун чагылдыруу, улуттардын биримдигине чакыруу болуп саналат.
Шаардык кароо-сынакка калаанынтөрт районунун 1,2- орунду алган жеңүүчүлөрү катышышты.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү, райондук Билим берүү борборлорунун мамлекеттик тил боюнча адистери катышышты.
Сынактын жүрүшүндө төмөнкү мектептер жеӊишке ээ болушту:
1-орунду кытай улуту менен № 31 мектеп-гимназиясы;
2-орунду англичан улуту менен № 17 мектеп-гимназиясы;
3-орунду немец улуту менен № 23 мектеп-гимназиясы.
Жеӊүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.