Бишкек шаарында социалдык тейлөө мекемелерин белгиленген талаптарга ылайык аккредитациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Иш Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тиешелүү буйругун жана Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин тапшырмасын аткаруу максатында уюштурулду.
Аккредитациялоо иштери Биринчи Май административдик районунда башталды. Учурда төмөнкү мекемелердин ишмердүүлүгү каралууда:
* «Келечек» реабилитациялык борбору;
* «Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борбору»;
* «Жетим балдардын укуктарын коргоо» коомдук фондунун алдындагы «Жаштар үйү»;
* улгайган адамдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандарга социалдык тейлөө көрсөтүүчү «Үмүт үйү» стационардык мекемеси.
Аккредитациялоо комиссиясынын курамына тиешелүү мамлекеттик органдардын, анын ичинде санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү кирди.
Аккредитациялоо учурунда мекемелердин материалдык-техникалык абалы, санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышы, коопсуздук шарттары, ошондой эле көрсөтүлүп жаткан социалдык кызматтардын сапаты жана белгиленген талаптарга шайкештиги бааланат.
Аккредитациялоо иштери шаардын башка административдик райондорунда да этап-этабы менен улантылат.
Аккредитациялоону өткөрүүнүн негизги максаты - социалдык тейлөө мекемелеринин ишинин сапатын жогорулатуу, ошондой эле социалдык кызматтарды алып жаткан жарандар үчүн коопсуз жана талапка жооп берген шарттарды камсыз кылуу.







