Мусаева Рахат Ишенбековна
  • Туулган күнү:
    27-12-1979
Билими:

2001-ж. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университети «Мектептеги кыргыз тили жана адабияты» адистиги боюнча

Иш тажрыйбасы:

01.09.2001 - 03.09.2007 – Б. Алымов атындагы №39 орто мектебинде кыргыз тили мугалими;

03.09.2007 - 08.10.2007 – Б. Алымов атындагы №39 орто мектебинде мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары;

16.10.2007 - 08.10.2007 – Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи Май районунун Билим берүү борборунун мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси;

03.03.2008 - 25.03.2008 – Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи Май районунун Билим берүү борборунун тарбиялык иштер боюнча башкы адиси;

25.03.2008 – 23.09.2008 – Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси;

24.09.2008 - 11.07.2011 – Биринчи Май районунун Билим берүү борборунун мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси;

11.07.2011 - 14.11.2019 – Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи Май районунун Билим берүү борборунун башкы адиси;

15.11.2019 - 17.04.2023 – Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи Май районунун Билим берүү борборунун директору;

29.05.2023 - 18.07.2023 – Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи Май администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысынын орун басары;

18.07.2023 - 15.06.2026 – Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору;

16.06.2026 – азыркы убакытка чейин Бишкек шаарынын мэринин орун басары.

Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары


Бишкек шаарынын социалдык чөйрөсүнө жетекчиликти жүзөгө ашырат.

Социалдык чөйрөдө шаардык саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, медициналык жардам көрсөтүү жана акысыз медициналык жардамдын кепилдик берилген деңгээлин сактоо шаардык программаларын ишке ашыруу, шаардын калкынын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгын камсыздоо, ветеринария, жалпы орто жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө иштерди уюштуруу, маданият, спорт, искусство, туризм жана жаштар менен иштөө чөйрөсүндө шаардын саясатын жүзөгө ашыруу, миграция жана калкты иш менен камсыздоо, калктын жеңилдик берилген жана аз камсыз болгон категорияларын даректүү социалдык коргоо тутумун түзүү, социалдык жардам көрсөтүү программаларын ишке ашыруу, социалдык камсыздоону жана кайрымдуулукту өнүктүрүү, социалдык чөйрөнү башкаруу тутумун өркүндөтүү, гендердик саясат, эне, бала, диний чөйрөдө иш-аракеттерди жүзөгө ашыруучу уюмдар, мекемелер жана жактар менен өз ара бирге аракеттенүү маселелерин координациялайт, контролдойт жана жүргүзөт.

Социалдык чөйрөнүн ишканаларын жана мекемелерин финансылык камсыздоону контролдоону жүзөгө ашырат, социалдык чөйрөдөгү жалпы шаардык маанидеги долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу үчүн инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу маселесин чечет.

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн мамлекеттик иш-чараларды жана шаардык иш-чараларды өткөрүүдө кызматтардын ишин координациялайт жана сценарийлерди иштеп чыгууну уюштурат.

Өкмөттүк эмес уюмдар, социалдык чөйрөнүн мекемелери жана уюмдары (балдар үйлөрү, карылар үйлөрү, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн борборлор ж.б., чыгармачыл биримдиктер) менен өз ара аракеттенүүнү уюштурат.

Өз компетенциясына кирген маселелер боюнча жетектеген багыттар боюнча комиссиялардын ишин жетектейт, жумушчу кеңешмелерди өткөрөт, белгиленген компетенциясынын алкагында токтомдорду жана тескемелерди чыгарат.

Өз иш-аракетинде Бишкек шаарынын мэрине отчёт берет.

Бишкек шаарынын Ленин администрациялык районун жетектейт.

Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелери боюнча орун басары иште жок мезгилде, анын милдеттери убактылуу Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына жүктөлөт. 

Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин чакырууга жана аларга тапшырма берүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым 



Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти.

Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаменти.

Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы.

Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы.

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын Бишкек шаардык ветеринардык башкармалыгы.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгы.