Кадыров Азамат Кадырович
  • Туулган күнү:
    28-09-1989

Бишкек шаарынын мэринин жер пайдалануу, архитектура, курулуш, санариптештирүү, транспорт жана жол инфратүзүмү маселелери боюнча орун басары


Бишкек шаарынын жер пайдалануу, архитектура, курулуш, санариптештирүү транспорт жана жол инфратүзүмү чөйрөсүнө жетекчиликти жүзөгө ашырат. 

Менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан муниципалдык жер участокторун пайдалануу тартибинин сакталышын контролдоо,  Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн Башкы планын, шаар курууну пландаштыруу жана аймакты өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, шаардын архитектуралык жана эстетикалык көрүнүшүн өркүндөтүү, шаарды куруу жана реконструкциялоо концепциясынын техникалык-экономикалык негиздемелерин даярдоо, шаардык курулуш программаларын түзүү жана ишке ашыруу, шаарды турак жай жана турак эмес объекттер, социалдык жана өндүрүштүк багыттагы объекттерди комплекстүү куруу, имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоо жаатында бирдиктүү  инвестициялык саясатты жүргүзүү, шаардын муктаждыктары үчүн капиталдык курулуш чөйрөсүндө шаардык инвестициялык тапшырыкты түзүү жана курулуш комплексинин, тышкы жарнамалык-маалыматтык ишкердүүлүктүн,топонимиканын иштешин камсыздоо үчүн товарларды жеткирүүгө жана жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарууга шаардык тапшырыктарды түзүү, Бишкек шаарынын мэриясын маалыматтык технологиялар жана санариптештирүү чөйрөсүндө бирдиктүү саясат жүргүзүүнү, санариптик трансформациянын ведомстволук программаларын иштеп чыгуу жана өз убагында жүзөгө ашыруу, ведомстволук санариптик инфратүзүмдүн маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу, жалпы шаардык долбоорлорду жана жетектеген багыттар боюнча программаларды ишке ашыруу маселелерин координациялайт, контролдойт жана жүргүзөт.

Коомдук жүргүнчүлөр транспортунун, автомобиль жолдорунун жана жол-транспорт инфратүзүмүнүн иштешин, шаардын жолдорун жана көрктөндүрүү объекттерин сапаттуу долбоорлоону, курууну, оңдоону, күтүүнү, реконструкциялоону, жол кыймылын жөнгө салуу каражаттарынын (жол белгилери, светофордук объекттер, жол чийин белгилерин) иштешин камсыздоо, автотоктотмолордун иштешин, жетектеген багыттары боюнча жалпы шаардык долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу маселелерин координациялайт, контролдойт жана жүргүзөт.

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен Бишкек шаарынын мэриясынын өз ара аракеттенүүсүн уюштурат жана жүзөгө ашырат.

Өз компетенциясына кирген маселелер боюнча жетектеген багыттар боюнча комиссиялардын ишин жетектейт, жумушчу кеңешмелерди өткөрөт, белгиленген компетенциясынын алкагында токтомдорду жана тескемелерди чыгарат.

Өз иш-аракетинде Бишкек шаарынын мэрине отчёт берет.

Бишкек шаарынын Октябрь администрациялык районун жетектейт.

Бишкек шаарынын мэринин жер пайдалануу, архитектура, курулуш, санариптештирүү, транспорт жана жол инфратүзүмү маселелери боюнча орун басары иште жок мезгилде, анын милдеттери убактылуу Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басарына жүктөлөт. 

Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин чакырууга жана аларга тапшырма берүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти. 

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы.

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы.

«Бишкек башкы план» долбоорлоо институту» муниципалдык ишканасы.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек филиалы.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси.

*Бишкек шаарынын мэриясынын «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы.

*Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы.

«Алтын-Булак» пансионаты.

«Алга» спорт комплекси» муниципалдык ишканасы.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Патрулдук милиция кызматы башкармалыгы.

«Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждык-эксплуатациялоо башкармалыгы» мамлекеттик ишканасы. 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы Бишкек почтамп филиалы.