1991-1995 - жылдары - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети “Финансы жана кредит” адистигин аяктаган.
Мамлекеттик кызматтын III даражадагы мамлекеттик кеңешчиси.
1995-1999 - жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казынасынын кассалык операциялар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, башкы адиси;
1999-2000 - жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыз жана активдер, төлөмдөргө мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын жетекчиси;
2000-2001 - жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын экономикалык натыйжалуулугун баалоо бөлүмүнүн жетекчиси;
2001-2004 – жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялык программа башкармалыгынын финансылык мониторинг бөлүмүнүн жетекчиси;
2004-2006 - жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялык программа башкармалыгынын жетекчиси;
2006-2007 - жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялык саясат башкармалыгынын мониторинг бөлүмүнүн жетекчиси;
2007-2009 - жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Тышкы жардамды жана эл аралык кызматташтыкты координациялоо башкармалыгынын жетекчиси;
2009-2010 - жылдары - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Бюджет кызматынын, тышкы экономикалык байланыштар кызматынын эксперт-жетекчиси;
2010 - жылы - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин инвестициялык долбоорлорду пландаштыруу жана ишке ашыруу башкармалыгынын жетекчиси;
2010-2020 - жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
2021-жылдын сентябрында - Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалган.
Бишкек шаарынын мэринин экономика жана финансы боюнча биринчи орун басары
Бишкек шаарынын финансы-экономикалык иш-аракеттер жана муниципалдык мүлк чөйрөсүндө жетекчиликти жүзөгө ашырат.
Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын контролдойт.
Шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын жана стратегияларынын долбоорлорун иштеп чыгууну уюштурат, алардын ишке ашырылышын контролдоону жүзөгө ашырат, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун компетенциясынын чегинде мамлекеттик программаларды ишке ашырууну камсыздайт.
Финансы, салыктар жана жыйымдар, статистика, өнөр жай, тышкы экономикалык байланыштар, ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу, өнүктүрүү фондусу, камсыздандыруу төгүмдөрү, соода, кызмат көрсөтүүлөр жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, микрокредиттөө, ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуу таасирин, инвестициялык саясатты талдоо жана шаардын жашоо-тиричилик тутумунун иш-аракеттерин каржылоо, коммуналдык чарба, инженердик инфратүзүмдү өнүктүрүү чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө, сатып алууга шаардык тапшырыктарды түзүү, жайгаштыруу жана каржылоо, шаардын бюджетинин долбоорун даярдоону камсыздоо маселелерин координациялайт жана жүргүзөт.
Муниципалдык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу, жер участокторун которуу (трансформациялоо), жетектеген багыттары боюнча жалпы шаардык долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу маселелерин координациялайт, контролдойт жана жүргүзөт.
Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондорунун, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жалпы шаардык жана максаттуу программаларын, финансы-экономикалык саясатты ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерин жетектеген багыттары боюнча контролдойт.
Фискалдык органдар менен Бишкек шаарынын мэриясынын өз ара аракеттенүүсүн уюштурат жана ишке ашырат.
Өз компетенциясына кирген маселелер боюнча жетектеген багыттар боюнча комиссиялардын ишин жетектейт, жумушчу кеңешмелерди өткөрөт, белгиленген компетенциясынын алкагында токтомдорду жана тескемелерди чыгарат.
Өз иш-аракетинде Бишкек шаарынын мэрине отчёт берет.
Бишкек шаарынын мэри иште жок мезгилде анын милдеттерин аткарат.
Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары иште жок мезгилде, анын милдеттери убактылуу Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басарына жүктөлөт.
Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин чакырууга жана аларга тапшырма берүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгы.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча башкармалыгы.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын райондору боюнча башкармалыктары.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын ЭЭА субъекттерин контролдоо боюнча башкармалыгы.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун райондук бөлүмдөрү.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Бишкек шаардык статистика башкармалыгы.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмү.