Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын 

укуктук камсыздоо бөлүмү жөнүндө 

ЖОБО


  1. Жалпы жоболор


1. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмү (мындан ары – бөлүм) Бишкек шаарынын мэриясынын (мындан ары – мэрия), Бишкек шаарынын мэринин (мындан ары – мэр), Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарынын жана орун басарларынын (мындан ары – мэрдин орун басарлары), Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин (мындан ары – аппарат жетекчиси) иш-аракеттерин бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча камсыздоочу Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын (мындан ары – аппарат) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

2. Бөлүмдүн кызматкерлери:

– муниципалдык кызматчылар болуп саналышат;

– өз иш-аракетинде жана чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү;

– мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчынын Этика кодексин сактоого милдеттүү;

– ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде мэриянын өкүлдөрү болуп саналышат.

3. Бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Бөлүмдү бөлүмдүн ишине жалпы жетекчилик кылган бөлүм башчысы жетектейт. 

5. Бөлүм башчысы иште жок мезгилде, анын кызматтык милдеттерин кызматтык документтерге кол коюу укугу менен бөлүмдүн башкы адиси аткарат.

2. Бөлүмдүн милдеттери 


6. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мэриянын чечимдерине жана мэриянын жетекчилигинин тапшырмаларына укуктук талдоо жүргүзүү жана мыйзамга ылайык келишин камсыз кылуу;

2) ченемдик укуктук актылардын, мэриянын чечимдеринин долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү;

3) мэриянын иш-аракетинде мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылуу;

4) укуктук каражаттар менен мэриянын мүлктүк жана башка мыйзамдык укуктарын коргоо. 


3. Бөлүмдүн функциялары 


7. Бөлүм жүктөлгөн милдеттеринин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:

1) мэриянын жана мэриянын жетекчилигинин иш-аракетин укуктук коштоо;

2) жарандык, экономикалык жана административдик иштер боюнча маселелерди кароодо сот жана башка органдарда мэриянын кызыкчылыктарын мыйзамдарда белгиленген тартипте көрсөтүү жана коргоо;

3) мэрге, мэрдин орун басарларына жанан аппарат жетекчисине кол коюу үчүн киргизилген мэриянын чечимдерине, келишимдерге, процессуалдык документтерге, ошондой эле юридикалык мүнөздөгү башка документтерге укуктук экспертиза жүргүзүү; 

4) мэрия тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын, мэриянын чечимдеринин долбоорлорун, келишимдерди, процессуалдык документтерди, ошондой эле юридикалык мүнөздөгү башка документтерди иштеп чыгууга катышуу;

5) административдик даттанууларды белгиленген тартипте кароо; 

6) укуктук каражаттар менен мэриянын мүлктүк жана башка мыйзамдык укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо; 

7) мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн юридикалык кызматтарынын иш-аракеттерин талдоо, алардын иш-аракеттерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;

8) мэрияга келип түшкөн ченемдик укуктук актылардын, башка документтердин долбоорлорун кароо жана алар боюнча корутунду берүү;

9) мэриядагы укуктук иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу; 

10) укуктук актыларды кодификациялоо, анын ичинде аларды актуалдаштыруу жана ички ченемдик базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү;

11) мэриянын кызматкерлеринин укуктук билимдерин жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө катышуу, укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, мэриянын юридикалык кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү;

12) тийиштүү соттук териштирүүгө алып келген негизги себептерди жана шарттарды аныктоо максатында, мэриянын катышуусу менен талаштар боюнча доо ишин, соттук практиканын абалын талдоо; аларды жоюу, күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштарды киргизүү, ошондой эле бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерге жараша башка функцияларды жүзөгө ашыруу;

13) мэриянын чечимдерин жарыялоо үчүн «Токтом» маалыматтык борбору» жоопкерчилиги чектелген коомуна жөнөтүү.


4. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары


8. Бөлүм, бөлүм башчысы жана бөлүмдүн кызматкерлери Мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктар менен катар, төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:

1) мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүн алардын иш-аракетин, мэриянын чечимдеринин, мэриянын жетекчилигинин тапшырмаларынын, ошондой эле бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын алар тарабынан аткарылышын изилдөө максатында инспекциялоого;

2) бөлүмдүн милдеттерин ишке ашыруу үчүн керектүү маалыматтарды жана башка маалымдамаларды мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн белгиленген тартипте суроого жана алууга;

3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык комиссиялардын иш-аракеттерине катышууга;

4) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

9. Бөлүм башчысы башка ыйгарым укуктары менен катар:

1) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын кызмат адамдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;

2) кызматкерлердин арасында милдеттерди бөлүштүрөт, ошондой эле жарандардан жана юридикалык жактардан мыйзамдуулук маселелери боюнча келип түшкөн кайрылууларды жана материалдарды бөлүштүрөт;

3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык уюмдар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.

10. Бөлүмдүн кызматкерлери башка ыйгарым укуктары менен катар:

1) аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү, муниципалдык ишканалары жана мекемелери, ошондой башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет, бөлүмдүн комптенциясына кирген маселелер боюнча иш-аракеттерди координациялоого катышат;

2) бөлүмдүн компетенциясына кирген иш-аракетти өркүндөтүү маселелери боюнча эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат; 

3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматты жалпылайт жана талдайт, ошондой эле сунуштарды даярдайт;

4) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттик-аналитикалык маалым каттарды, ошондой эле пландарды жана отчётторду иштеп чыгат; 

5) мэриянын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерине алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоо бөлүгүнө мониторинг боюнча материалдарды талдайт;

6) жарандардан жана юридикалык жактардан келип түшкөн кайрылууларды карайт жана аларга жооптордун жана корутундулардын  долбоорлорун даярдайт; 

7) бөлүм башчысы менен макулдашуу боюнча таанышуу тартибинде бөлүмгө келип түшкөн жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларында көрсөтүлгөн жагдайлар жөнүндө маалыматтарды алат.


5. Кypaторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү 


11. Бөлүм аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү, мэриянын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү, муниципалдык ишканалары жана мекемелери менен өз ара тыгыз аракеттенет, бөлүмдүн аныкталган милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктарынын алкагында мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүн, муниципалдык ишканаларын жетектөөнү,бөлүмдүн милдеттерине жана компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, чарбалык коомдор, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.