Турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев "Нурлуу кайрымдуу кыздар" кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү менен биргеликте "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине колдоо көрсөттү.
Орозо кармаган 230 көрктөндүрүүчүгө  азык-түлүк себеттери тартууланды.
Топтомдор эң керектүү азыктардан турат: эт, курма, чай, шекер, май, күрүч, макарон жана ун.
Бишкек шаарынын мэриясы жана "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы  "Нурлуу Кайрымдуу Кыздар" кайрымдуулук фондуна  колдоо көрсөткөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет!
 
                     
                                 
                                 
                                 
                                 
                                 
                                 
                                 
                                 
                                 
                                 
                                