Бүгүн,  калаанын бардык жерлеринде  Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына арналган иш-чаралар  өткөрүлүүдө.
Бишкектин борборунда жыл сайын өтүүчү "Жеңиш 2021" автожүрүшү башталды.
Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун атынан борбор калаанын вице-мэри Азамат Сагындык уулу шаардыктарды куттуктады.
Борбор калаанын көчөлөрүндө майрамдык маанай тартуулап, шаардын бардык аймактарын кыдырып чыктык.  Бишкек шаарынын мэриясы иш-чаранын уюштуруучуларына, координаторлоруна чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет жана бардык шаардыктарды Жеңиш күнү менен куттуктайт!
 
                     
                                 
                                 
                                 
                                 
                                 
                                 
                                 
                                 
                                