Бишкек шаарынын мэриясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн заманбап стандарттарга жооп берген пандустарды орнотуу долбоорунун үстүндө иштөөнү улантууда.
Бүгүн, 2025-жылдын 22-февралында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана «Жаңы доор» коомдук фондунун төрагасы Аскар Турдугулов кезектеги пандустарды кабыл алышты.
Бул жолу “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунун жана Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин жанына пандустар орнотулду.
«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча конструкциялар толугу менен заманбап стандарттарга жооп берет: металл элементтер даттан коргоо үчүн сырдалган; Коопсуз пайдалануу учун ыңгайлуу кармагычтар орнотулган, пандустардын бурчу 8 градустан ашпайт, бул алардын ары-бери кыймылына ынгайлуу.
Мындан тышкары, “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын адистери мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн унаа токтотуучу жайларды уюштуруу иштерин жүргүзүүдө. “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунун жана Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын жана Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин жанына атайын жол белгилери коюлду.
Ошого карабастан, атайын «Майып» деген белги бар жерлерге айдоочулар токтой беришет, муну менен майыптардын унаасы менен кирүүсүнө чектөө коюлууда. Жол эрежесин бузган автоунаалар окуя болгон жерден сүйрөп чыгарылды.
Айбек Джунушалиев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына ГОСТ стандартына ылайык 8,17 «Майыптар», 6,4 «Унаа токтотуучу жай (паркинг)» жол белгилери орнотулган аймактарды текшерүү боюнча рейддерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү тапшырды.
Жеткиликтүү чөйрө социалдык интеграция үчүн да маанилүү экенин белгилей кетүү керек. Мындай өзгөртүүлөр ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шаардын маданий жана коомдук турмушуна активдүү катышууга шарт түзөт.
Бул демилге мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн өзгөчө мааниге ээ. Эми алар балдарды жана жаштарды өнүктүрүү борборлоруна, китепканаларга жана башка мекемелерге ээн-эркин барып, аларда билим алып, чыгармачылык жөндөмүн жана руханий маданиятын өстүрө алышат.