Бишкек шаардык санитардык полигондун аймагында катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча эко-технологиялык заводдун курулушу уланууда.

Азыркы учурда административдик имараттын жана негизги заводдун пайдубалы куюлуп, бетон иштери 4-кабатка жетти.

Таштандыларды жана жабдууларды ташууга ыңгайлуу болуш үчүн унаа жолу курулууда. Учурда 1000 метрден ашык жол төшөлгөн. Курулуш аянтына 35 миң куб метр шагыл керектелген.

Мындан тышкары Кытай Эл Республикасынан келген жумушчулар үчүн убактылуу жатакана курулган. Учурда курулушта 230 жумушчу иштеп жатат.

Курулуш иштери календардык планга ылайык жүргүзүлүп, 2025-жылдын декабрь айына бүткөрүү жана ишке киргизүү пландалууда.

Келечектеги заводдун жалпы аянты 12 гектарды түзөт. Долбоорго инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 95 миллион АКШ доллары.

Белгилей кетсек, заводдун аймагы алты негизги зонага бөлүнгөн: түшүрүү залы, таштанды чуңкуру, отказан аянты, түтүн газдарды тазалоо зонасы, түтүктөр цех жана гидротехникалык аймак. Ошондой эле административдик имарат, анын ичинде кеңсе аянты, түтүн жана таразага тартуучу бөлмө болот.

Санитардык полигондун аймагына курула турган таштандыларды утилдештирүү заводу суткасына 1000 тонна таштандыны иштеп чыгарып, электр энергиясын өндүрөт. Суткасына 460 МВт, жылына 180 000 МВт өндүрүү пландаштырылууда.

Келечекте бул ишкананын кубаттуулугун жогорулатуу менен катуу калдыктарды  утилдештирүүнүн көлөмүн суткасына 3000 тоннага жеткирүү пландалууда.