Бүгүн, 2025-жылдын 14-майында мэр Айбек Джунушалиев таңкы кыдыруу менен ири объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

2025-2026-жылдардын жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында быйылкы жылы «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы капиталдык оңдоо иштеринин алкагында түтүктөрдүн диаметрин жогорулатуу менен магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоону баштады.

Реконструкциялоонун биринчи бөлүгү Курманжан Датка көчөсү менен – Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин өтөт. Бул тилкедеги магистралдык жылуулук тармагынын узундугу 580 метр, түтүктүн диаметри 700 мм. Бул тармак 1984-жылдан бери иштеп келе жатат жана буга чейин стандарттык кызмат мөөнөтүн (41 жыл) аткарып келген.

Учурда траншеяны өздөштүрүү иштери башталып, Чүй проспектисинде магистралдык түтүккө туташтыруу иштери жүрүп жатат.

Экинчи бөлүгү Фрунзе көчөсүнөн Салиев көчөсүнө чейин. Бул тилкенин узундугу 340 метр, түтүктүн диаметри 426 мм. Тармактын бул бөлүгү да 1984-жылы ишке киргизилген жана авариялык абалда, тез арада алмаштырууну талап кылат. Учурда бул тилкеде жер казуу иштеринин 40%, темир-бетон лотокторду демонтаждоо 40%, түтүктөрдү демонтаждоо иштери 50% аткарылып, Аламүдүн дарыясынын батыш тарабындагы жер үстүндөгү камера демонтаждалып, траншеяны тазалоо иштери жүрүп жатат.

Мэр ошондой эле Осмонкул көчөсү менен Чүй проспектисинин   кесилишиндеги жаңы насостук станциянын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоор 1990-жылдары пландалган жана Бишкектин батыш бөлүгүндөгү 30 000 абонентти жылуулук менен камсыздоону жакшыртат. Ишти CRBC жана "Технотоп" консорциуму жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күндө насостук станциянын имараты курулуп, жээги бекемделди, 8 насос жана кран устун орнотулду. Учурда станциянын ичине түтүктөр орнотулуп, өтүүчү канал курулуп жатат, ага диаметри 1000 мм болгон 4 түтүк төшөлөт.