Мэр Айбек Джунушалиев ири объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
ЕАЭБдин 10 жылдыгынын урматына «Евразия» автономиялык коммерциялык эмес уюму ири социалдык долбоорду - Кыргызстанда Евразия паркын курууну ишке ашырууда.
«Орок» МАБдагы 10 гектар аянтты ээлеген маданий- оюн-зоок паркы бардык курулуш иштери аяктагандан кийин Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлөт.
Парк тууралуу «Евразия» автономиялык коммерциялык эмес уюмунун Кыргызстандагы аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Кымбат Урумкулова айтып берди.
4680 м² чоң аква зонасы: чоңдор жана балдар үчүн жаркыраган бассейндер.
Бийиктиги 34 метр болгон экстремалдуу аянтча. Башка заманбап аттракциондор да жакын жерде жайгашат.
Болжол менен 630 м² аянты бар муз аянтчасы жана дөңсөөлөр кышкы оюн-зооктон ырахат алууга мүмкүнчүлүк берет.
Активдүү эс алуунун күйөрмандары үчүн заманбап кичи-стадион.
Дино-парк - бул конокторду тарыхка чейинки жандыктардын кызыктуу дүйнөсүнө батыра турган уникалдуу интерактивдүү мейкиндик. Реалдуу динозавр фигуралары, билим берүүчү стенддер, укмуштуу атмосфера.
Чоң батуттар, татаал лабиринттер, селкинчектер, карусельдер, билим берүүчү оюн комплекстери – баары балдардын коопсуздугу үчүн сүйүү жана камкордук менен түзүлгөн. Цирк сахнасы — жаркыраган шоу-программаларды жана спектаклдерди өткөрүү үчүн жер.
Мындан тышкары, паркта көргөзмөлөр, жарманкелер жана маданий фестивалдар үчүн чоң көргөзмө аянты, ошондой эле ыңгайлуу кафелери жана фуд-корту бар заманбап тамак-аш аймагы болот.
Парк эс алуучулар үчүн толугу менен бекер болот.
Шаар башчысы Байтик баатыр атындагы сейил багында да болуп, коопсуздук эрежелерин сактоо жана аймакты көрктөндүрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.