Мэр Айбек Джунушалиев ири объектилердин курулушу менен таанышуу максатында таңкы рейд жасады.

Шаар башчысы төмөнкү жол тилкелерин текшерди:
•Жибек Жолу проспектиси — Лермонтов көчөсүнө чейин (Жибек Жолу – Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилиши);
•Чүй проспектиси (Чүй проспектиси – Буденный көчөсүнүн кесилиши);
•Медеров көчөсү (Медеров – Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилиши);
•Береговая көчөсү — Жеңишке 50 жыл көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейин (Семетей – Береговая кесилиши);
•Ак-Марал көчөсү — Шералиев көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейин;
•Жаш Гвардия бульвары (Жаш Гвардия бульвары – Чүй проспектисинин кесилиши);
•Токтоналиев көчөсү (Масалиев – Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилиши).

Ошондой эле Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейинки көпүрө курулушу да текшерилди.

Жеринде борбор калаадагы жолдорду реабилитациялоо жана куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Мэр бардык жол куруу иштерин ыкчам жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, реабилитациялоо алкагында жолдордун асфальт катмары жаңыланып, бордюрлар алмаштырылат. Айрым жол тилкелери кеңейтилет жана тегизделет. Жол курууда таш аралашкан сапаттуу асфальт төшөлүүдө.