Мэр Айбек Джунушалиев ири объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Борбор калаа башчысы Москва көчөсү, 237 дарегинде жайгашкан ДЕПО-1 жана Шабдан Баатыр көчөсү, 2 дарегинде жайгашкан ДЕПО-2 ишканаларын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.
Учурда ал жерде жаңы электробустарды жайгаштыруу жана аларды заманбап электр кубаттоочу жабдуулар менен жабдуу боюнча реконструкция иштери жүрүп жатат.
Бүгүнкү күндө оңдоо иштеринин жарымы бүткөрүлүп, ДЕПО-1ге жабык коргоочу конструкциялар орнотулуп, асфальттын экинчи катмары төшөлдү.
ДЕПО-2 аймагында бул иштер толугу менен бүткөрүлдү. Учурда электр жабдууларын орнотуу жана атайын кубаттоо станцияларын жайгаштыруу иштери жүрүп жатат.
ДЕПО-2 аймагындагы курулуш иштерин 2025-жылдын 25-майына чейин бүтүрүү пландалууда.