Бүгүн, 2025-жылдын 29-майында, А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдоонун алкагында балдар үчүн цирктик көрсөтүү  өттү.

Бишкек шаарынын кичинекей тургундарын келе жаткан майрамы менен Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева куттуктады.

Иш-чарага мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, 17 коомдук уюмдун жана реабилитациялык борборлордун (РЦ «Оберег», «АРДИ», «Рука в руке », Балдарды коргоо борбору, КОС жана КОГ) тарбиялануучулары, 3 көмөчү  мектептин окуучулары, 12 адистештирилген бала бакчанын тарбиялануучулары, Чернобыль кырсыгына катышкан жарандардын жана интернационалист-жоокерлердин үй-бүлөлөрүнүн балдары катышты.

Кичинекей шаардыктарга цирк артистеринин оюн-зооктору көрсөтүлүп, таттуу белектер таратылды.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясы балдардын социалдык абалын жакшыртуу, физикалык, моралдык, психологиялык жана маданий жактан өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Маалымат үчүн: Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 1-майына карата оор жашоо шартында жашаган 6980 бала каттоодо турат, алардын ичинен 18 жашка чейинки 5615 бала майыптыгы барлар.