Бүгүн, "Көк-Жар" конушунун Молдокулов көчөсүндөгү үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жаңы корпусунун салтанаттуу ачылышы болду.
Иш-чарага мэр Айбек Джунушалиев, саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев, мэрдин орун басары Азамат Кадыров, ошондой эле Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана райондун активисттери катышты.
Жаңы имарат заманбап, эки кабаттуу жана жер төлөсү бар, ал эми жалпы аянты 2607,9 м2ты түзөт.
Ошондой эле борбордо беш унаага ылайыкталган тез жардам станциясы бар.
Мекемеде бейтаптар үчүн да, медициналык кызматкерлер үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Жаңы имаратта дарыгерлердин бөлмөсү, ЭКГ, УЗИ, физиотерапия кабинеттери, стерилизация, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр жайгашкан. Тургундарга ыңгайлуу болушу үчүн лифт жана санитардык түйүндөр каралган.
Долбоордун алкагында жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштер да аткарылды: топурак тегизделип, газон отургузулуп, сыртка атайын жарыктар орнотулду. Бул жер медициналык борборду функционалдык гана эмес, эстетикалык жактан “Көк-Жар" конушунун жана жакын аймактардагы тургундар үчүн жагымдуу жана кооз аймак болуп калды.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жаңы корпусунун ачылышы борбор калаа тургундарын сапаттуу жана жеткиликтүү тейлөөгө жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан ишке ашырылды.