Борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев Көк-Жар айылынын №172 контурунун жер ээлери менен жолугушту.
Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан административдик-аймактык реформанын алкагында Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментине 1479 арыз түшкөн.
Бүгүнкү күндө 2021-жылдын 1-декабрына чейин 137 объект курулганы аныкталып, учурда бардык тактоо иштери жүрүп жатат.
Шаар мэри Октябр районунун акимине 137 объекттин маселесин тез арада жана учурдагы мыйзамдардын алкагында чечүүнү тапшырды.
Ошондой эле бул аймактагы 18 гектар жер муниципалдык менчикке өткөн. Бул жер тилкеси боюнча маселе мыйзамда белгиленген тартипте каралат.
Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Президентинин “Администрациялык-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык, 2023-жылдын 29-декабрында №370 ПЖ ылайык №172 жана № 452, 544, 545, 552, 549, 551, 556, 558, 555 контурлар Аламүдүн районунан Бишкек шаарынын Октябр районуна өткөрүлүп берилди.
Учурда жогоруда аталган контурлар трансформацияланып, жер тилкелери мыйзамдаштырыла элек, жер айыл чарба багытында.
Бул жерлер Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер жана укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жерге мунапыс жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык келбейт.
Буга чейин Октябр райондук мамлекеттик администрациясы жана Көк-Жар муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз курууга жана өз багыты боюнча пайдаланууга жол бербөө боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн 8 жолу көчмө жыйын өткөрүлүп, анын ичинен 3 жолу атайын техникалар менен уюштурулган. Жалпысынан 200дөн ашык эскертүүлөр берилген.
Тилекке каршы, жер ээлери эскертүүлөргө кайдыгер мамиле жасап, жер тилкелерин мыйзамсыз басып алып, жер тилкелери боюнча максаттуу эмес курулуштарды жүргүзүп жатышат.
Алсак, №172 контур боюнча жер тилкелери өз багыты боюнча пайдаланылбайт, архитектуралык-курулуш долбоорлору жана тиешелүү укук белгилөөчү документтери жок. Айыл чарба багытындагы жерлерге уруксаатсыз таяныч дубалдары (фундаменттери) жана турак жай имараттары тургузулган.