2025-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин жетекчилиги алдында көчмө жыйын өткөрүлдү. Көчмө жыйындын жүрүшүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан эки маанилүү объект текшерилди.
Ала-Тоо аянтында Манас эстелигинин астыңкы бөлүгү оңдолуп жатат. Учурда эстеликти жаап турган плита, эстеликтин өзү жана астыңкы пайдубал алынып салынды. Долбоордук документтерге ылайык, эстеликтин бийиктиги 22,7 метрди, туурасы 6,2 метрди түзүп, жогору көтөрүлгөн сайын акырындык менен 2,5 метрге чейин ичкерилет. Эстеликтин өзү 10,3 метр бийиктикти түзөт. Курулуш иштерин “Эталон Вин Спец Строй” жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүүдө. Капиталдык курулуш башкармалыгына курулуш иштеринин сапатын жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын катуу көзөмөлдөө тапшырылды.
Экинчи текшерилген объект — Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан Дөлөн Өмүрзаков атындагы кичи спорттук арена болду. Бул спорттук имарат 5000 көрүүчүгө ылайыкталган жана жер төлөлөрү бар. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 15 342 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө металл конструкциялар толугу менен орнотулуп бүттү, ошондой эле сэндвич-панелдерди орнотуу жана ички электр чубалгыларын тартуу иштери жүргүзүлүүдө. Биринчи Май райондук акимиатына бул курулуш ишинин жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык маанилүү долбоорлордун ишке ашырылышын туруктуу көзөмөлдөп, аткарылып жаткан иштердин сапатына жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына өзгөчө көңүл бурат.