"Красный Строитель" конушунда жайгашкан №67 Баластан бала бакчасынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин салтанаттуу ачылышы өттү.
Салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри Догдуркул Кендирбаева, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, ошондой эле мэриянын өкүлдөрү жана райондун тургундары катышты.
"Бала бакчалар өздөрүнүн максатына - балдарды окутууга жана өнүктүрүүгө кызмат кылышы керек. Бүгүн биз имаратты шаарга кайтаруу боюнча иштин натыйжасын көрүп жатабыз. Бул жерде коопсуз жана сапаттуу мектепке чейинки билим берүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн", - деп белгиледи мэр.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар жаңыланган бала бакча имаратын жана балдар үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыгышты.
Бала бакча имараты 1984-жылы курулуп, 1991-жылга чейин иштеген. Кийинки жылдары мекеме жеке менчикте болуп, башка максаттарда колдонулган. 2019-жылы имарат Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жардамы менен муниципалдык менчикке кайтарылган, ал эми 2022-жылы 140 орундуу бала бакча муниципалитетке өткөрүлүп берилген.
Капиталдык оңдоп-түзөө жана заманбап чечимдерди колдонуунун аркасында бала бакчанын сыйымдуулугу 140тан 246 балага чейин көбөйтүлдү. Жалпы аянты 1488,4 чарчы метр болгон эки кабаттуу имарат толугу менен оңдолду. Айлана-чөйрө да көрктөндүрүлүп, балдардын коопсуз жана активдүү эс алуусу үчүн алты оюн аянтчасы орнотулду.
Долбоорду Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырды. Подрядчы катары "Рим и Ко" ЖЧКсы иш алып барды.
Оңдолгон бала бакчанын ачылышы борбор калаада заманбап жана ыңгайлуу билим берүү инфраструктурасын түзүүдөгү дагы бир кадамды белгилейт.