Жолугушууга Кок-Жар жана Орто-Сай айылдарынын, ошондой эле Салкын-Тор, Хан-Тенир, Анар-Бак жана Алма-Бак конуштарынын тургундары катышты.
Ачык диалог учурунда тургундар жашоо шарттары жана инфратүзүмдү өнүктүрүү менен байланышкан актуалдуу маселелерди көтөрүштү.
Атап айтканда, ФАПтын материалдык-техникалык камсыздоосу, суу менен камсыздоо жана канализация, жолдорду оңдоо жана автобус токтоочу аялдамаларды куруу сыяктуу маселелер талкууланды.
Бардык белгиленген суроолор боюнча тиешелүү кызматтарга протоколдук тапшырмалар берилди, кырдаалды так аныктоо үчүн жерине чыгып текшерүү жүргүзүп, таанышуу милдеттендирилди. Бардык кайрылуулараткарууга алынган жана мэрдин жеке көзөмөлүндө турат.