Бүгүн, 15-февралда, Бишкек шаарындагы Ата-Түрк паркында, интернационалист жоокерлерге арналган эстеликтин жанында, советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылганына 37 жыл толушуна карата митинг-реквием болуп өттү.
Иш-чара эстеликке гүл коюу аземи менен башталды. «Жалгыз аялдын үнү» музыкалык чыгармасынын коштоосунда катышуучулар курман болгон интернационалист жоокерлердин элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти. Тынчтыкта метрономдун үнү жаңырып, андан соң түбөлүк эскерүүнүн жана терең урматтоонун белгиси катары үч ирет ок атылды.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары, полковник Алмазбек Кулмурзаев, Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Элчилигинин коргоо маселелери боюнча өкүлү Игорь Довбня, ардагерлер уюмдарынын жетекчилери, афган согушунун ардагерлери, коомчулуктун өкүлдөрү жана борбор калаанын тургундары катышты.
Митингдин катышуучулары эстеликке гүл коюшту. Өз сөздөрүндө баяндамачылар афган согушу миңдеген үй-бүлөлөр үчүн оор сыноо болгонун жана тарыхта терең из калтырганын белгилешти.
Жыйналгандардын алдында сүйлөгөн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 15-февраль - эскерүү, кайраттуулук жана биримдик күнү экенин баса белгиледи.
«Биз курман болгондордун эрдигинин алдында башыбызды ийип, аскердик милдетин абийир менен аткарган ардагерлерге терең ыраазычылык билдиребиз. Муниципалитет афган жоокерлерине, жесирлерге жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө мындан ары да колдоо көрсөтө берет. Сиздердин кайраттуулугуңуздар жана туруктуулугуңуздар — жаш муун үчүн үлгү жана өлкөбүздүн тарыхындагы маанилүү бөлүк», — деди калаа башчысы.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары, полковник Алмазбек Кулмурзаев тарыхый эстутумду сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ардагерлерге көрсөткөн эрдиги жана аскердик милдетине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Митинг-реквием интернационалист жоокерлерге арналган гүл коюу жана алардын ысымдары тарыхта түбөлүккө сакталаарын белгилеген ыраазычылык сөздөрү менен жыйынтыкталды.