Борбор шаарда 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө арналган «Эне тил – улуттук байлык» аталышындагы иш-чара «Туңгуч» жыйындар залында өткөрүлдү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Алмамбет Матубраимов, маданият тармагынын жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, Кыргызстан элинин ассамблеясынын өкүлдөрү катышты.

Калаа башчысы эне тилди, маданиятты, каада-салттарды жана руханий баалуулуктарды ыйык мурас катары сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, иш-чаранын катышуучуларын куттуктады.

«Биз эне тилибизди, маданиятыбызды, каада-салттарыбызды, руханий дөөлөттөрүбүздү ыйык мурас катары сактап, кийинки муунга татыктуу өткөрүп беришибиз керек. Илим менен техника өнүккөн, ааламдашуу күч алган заманда жаштарыбыздын көп тил билүүсү – замандын талабы. Бала бакчаларда жана мектептерде көп тилдүү билим берүү программалары ишке ашырылып, балдарыбыз башка тилдерди да өздөштүрүп жатышат. Бул – келечекке багытталган ишенимдүү кадам. Бирок канча тил билбейли, эң оболу өз эне тилибизди терең билип, аны таза сүйлөп, барктап жүрүү – ар бирибиздин милдетибиз. Эне тилин сүйгөн адам – элин сүйөт, жерин сүйөт», – деп белгиледи калаа башчысы.

Иш-чара «Манас» эпосунан үзүндү менен башталып, ар улуттун эне тилиндеги чыгармалары, ыр-бийлери менен коштолду.

Белгилей кетсек, аталган иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясы Кыргызстан элинин ассамблеясы менен биргеликте «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы          № 369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурду.