Бишкек шаарында республикалык бюджеттин эсебинен борбор калаанын аймагында 20 мектеп куруу долбоорунун алкагында дагы бир мектептин курулушуна мезгил кутусу салынды.
Ак-Бата конушунда №43 мектептин экинчи корпусунун курулушуна мезгил кутусун салуу аземи өттү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Жумабек Салымбеков жана Улукбек Карыбек уулу катышты.
Мэр өз сөзүндө ар бир бала сапаттуу билим алууга, коопсуз жана заманбап шартта окууга татыктуу экенин белгиледи.
Мэрдин айтымында, административдик-аймактык реформанын алкагында шаардын аймагы кеңейип, калктын саны көбөйгөн. Мунун натыйжасында мектептерге болгон муктаждык да өстү.
«№43 мектепте окуучу орундардын жетишсиздигине байланыштуу биз анын жанына дагы бир мектеп куруу чечимин кабыл алдык. Жакында эле Ак-Жар жаңы конушунун тургундары менен жолугушууда да мектеп жетишсиздиги маселеси көтөрүлгөн. Бирок ал жерде бош жер тилкеси жок болгондуктан, мэрия балдардын жакынкы мектептерге баруусу үчүн мектеп автобустарын уюштурган.
Жаңы курула турган мектеп Ак-Бата жаңы конушунун гана эмес, коңшу Ак-Жар, Адилет жана Нургожо конуштарындагы балдар үчүн да жакшы шарт түзөт», — деди шаар башчысы.
Ошондой эле Айбек Джунушалиев Ак-Бата конушунда бала бакча куруу долбоору да иштелип жатканын кошумчалады.
Министр Нурдан Орунтаев өз кезегинде мектептин курулушу 2026-жылдын сентябрь айында аякташы пландалганын белгиледи.
«Бишкек шаарында жана өлкө аймагында башталган мектеп курулуштарынын бардыгы өзгөчө көзөмөлдө болот. Мындан тышкары, Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан Бишкек шаарында дагы 12 мектеп куруу пландалууда», — деди министр.
Ак-Бата конушунда курула турган мектеп 2 кабаттуу болуп, 650 окуучуга ылайыкталат (22 класстык бөлмө). Имараттын жалпы аянты 5257,58 чарчы метр, ал эми жер тилкесинин аянты 10080 чарчы метр.
Белгилей кетсек, борбор калаада Курулуш министрлиги тарабынан 20 мектеп куруу пландалууда:
Октябрь району — 6 объект;
Ленин району — 6 объект;
Биринчи май району — 5 объект;
Свердлов району — 3 объект.