2026-жылдын 17-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда «Үмүт Чырагы» бала бакчасынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү.

МинКаб башчысы өз сөзүндө бул долбоор өзгөчө балдарга болгон камкордуктун айкын белгиси экенин белгиледи.

“Бул курулуш биздин балдарыбызга болгон чоң камкордуктун белгиси. Өзгөчө балдар үчүн атайын шарттары каралган мындай чоң үмүттүн символу болгон бала бакчанын курулушу коомубуз үчүн да, ата-энелер үчүн да чоң кубаныч”, – деди Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле шаар мэри Айбек Джунушалиев бул бала бакча өзгөчө камкордукка жана колдоого муктаж балдардын өнүгүүсүнө, билим алуусуна жана коомго толук кандуу аралашуусуна кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. Анын айтымында, бул мекеме ата-энелер үчүн чоң колдоо болуп, алардын жүрөгүндө үмүт жандырган жаңы борборго айланат.

Заманбап эки кабаттуу бала бакча Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашат. Жалпы аянты 3467 чарчы метрди түзгөн бул жаңы имарат 250 балага ылайыкталган жана майыптыгы бар балдар үчүн арналат. Бала бакчада окуу бөлмөлөрү, анын ичинде гимнастика залы, логопед кабинети жана контакттык зоопарк каралат.

Долбоордун максаты — майыптыгы бар балдарды тарбиялоо, окутуу жана социалдык адаптациялоо үчүн шарт түзгөн заманбап мектепке чейинки билим берүү мекемесин түзүү, ошондой эле инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү.