Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте көчмө жыйын өткөрүп, борбор калаадагы бир катар объектилердеги иштердин жүрүшүн текшерди.

Алгач Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки тилкеси каралды. Учурда бул жерде асфальт-бетон жабууну төшөөгө даярдык иштери жүрүп жатат. Бул участок беш күндүн ичинде ачылары пландалууда.

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына жашыл аймакта жайгашкан жеңил типтеги объектилерди демонтаждоо тапшырмасы берилди. Тиешелүү кызматтарга кароосуз калган автоунааларды алып кетүү жана туура эмес жерге унаа токтоткон айдоочуларга карата чара көрүү милдети жүктөлдү.

Мындан тышкары, Дэн Сяопин проспектисинин Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки түштүк тарабында оңдоо иштери уланууда. Кайназарова көчөсү менен Дэн Сяопин проспектисинин кесилишине П-түрүндөгү жол чырактарды орнотуу маселесин кароо тапшырылды.

«Бишкексууканал» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларына бардык чарба субъекттери менен кызмат көрсөтүү боюнча келишимдерди шашылыш түрдө түзүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле Кустанай көчөсүндө жайгашкан «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын биринчи автобазасы каралып, анын аймагын реконструкциялоонун эскиздик долбоору сунушталды.

Профсоюз көчөсүндө Патрис Лумумба көчөсүнөн Каракум көчөсүнө чейинки аралыкта курулуп жаткан сквер да текшерилди. Бул жерде беш воркаут аянтчасын жана балдар оюн зоналарын куруу, ошондой эле болжол менен 750 дарак (липа, клён жана башкалар) отургузуу пландалууда. Мындан сырткары, смарт-паркингдерди уюштуруу мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырылды.

Подрядчы уюмга объекттеги техникалардын санын көбөйтүп, иштердин темпин тездетүү милдети коюлду. Патрис Лумумба көчөсүнүн боюндагы сквердин жанындагы калган объектилерди демонтаждап, алардын ордуна көп функционалдуу спорт аянтчасын куруу каралган. Ошондой эле мектептин жанындагы аймакты кошо эсептегенде, айлана-тегеректи иретке келтирүү тапшырмасы берилди.

Көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө айрым турак үйлөр тиешелүү документтери жана муниципалдык ишканалар менен түзүлгөн келишимдери жок эле чарба субъекттери катары пайдаланылып жатканы аныкталды. Бул боюнча тез арада чара көрүү, керек болсо айрым жайларды мөөр басып жабуу тапшырмасы берилди.

Жыйынтыгында, бардык жаңы курулуш объектилери боюнча документтерди көтөрүп чыгып, текшерүү тапшырмасы берилди.