Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Ауэзов көчөсүндөгү тилкени текшерип чыгып, мурда жеңил типтеги объекттер алынган аймакта бак отургузуу иш-чарасына катышты.

Бул жерге бактар (ольха) жана бадалдар отургузулду. Келечекте бул аймакта жөө адамдар үчүн эс алуу (сейилдөө) зонасын түзүү пландалууда.

Иш сапарынын жүрүшүндө мэр унаа токтотуучу жайлардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу, аба аркылуу өткөн кабелдерди алып салуу жана аймакты жашылдандырууну күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Ошондой эле бардык соода объекттерин шаардын бекитилген дизайн-кодунун талаптарына ылайык келтирүү тапшырылды.

Сагымбай Манасчы көчөсү боюнча коомдук транспорттун токтоочу жайларын жакшыртуу жана кмайыптыгы бар  жарандар үчүн пандустарды орнотуу маселелерин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, Сагымбай Манасчы көчөсүндө, ЖЭБдин техникалык каналынын аймагында бардык объекттерди демонтаж кылуу пландалууда. Бошогон аймакта унаа токтотуучу жай жана чакан сейил бак (сквер) уюштурулат.

Айрым объекттер боюнча демонтаж иштери ыктыярдуу негизде улантылып жатканы белгиленди.

Мэр ошондой эле жакын жайгашкан аймакта алкоголдук продукцияларды сатууга тыюу салууну тапшырды.

Ушул эле көчөнүн түндүк тарабындагы, Айдоочулар союзуна таандык болгон азыркы унаа токтотуучу жай да бузулат. Анын ордуна келечекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда.