Бүгүн, 2026-жылдын 20-мартында, Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Орозо айт намазы окулду.
Айт намазга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана миңден ашуун жарандар катышты.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык жарандарды ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайт. Бул майрам ар бир үйгө тынчтык, бакубатчылык жана ынтымак алып келип, коомдук биримдикти чыңдоого өбөлгө болсун.