Бүгүн, 2026-жылдын 27-мартында, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфы оюндарынын жабылыш аземи жана жеңүүчүлөрдүн гала-концерти салтанаттуу түрдө өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Эл аралык Дельфы комитетинин директору Владимир Понявин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Дельфы комитетинин төрагасы, КРнын эл артисти Анарбек Ибраев катышты.
Жабылыш аземи бир нече күнгө созулган масштабдуу сынак программасынын жаркын жана эмоцияга бай жыйынтыгы болду. Бул оюндар ШКУга мүчө өлкөлөрдөн келген таланттуу жаштарды бириктирип, жаңы ысымдарды ачып гана тим болбостон, чыгармачылык алмашууну өнүктүрүүдө, маданий байланыштарды чыңдоодо жана гуманитардык кызматташууну кеңейтүүдө эл аралык маанилүү аянтча экенин дагы бир жолу тастыктады.
Өз сөзүндө Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бул күндөр ар бир катышуучу үчүн өзгөчө болгонун белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.
«Бишкек сиздерди кубануу менен кабыл алып, бир нече күн бою чыгармачылык адамдарды, идеяларды жана салттарды бириктирген мейкиндикке айланды. Ар бир катышуучу үчүн бул маанилүү этап болду. Бул — сахнага чыгып, өзүн көрсөтүп, күчүн сынап көрүү мүмкүнчүлүгү. Кимдир бирөө бүгүн жеңүүчү болот, ал эми айрымдар үчүн бул оюндар эмненин үстүндө иштөө зарылдыгын түшүнүүгө шарт түздү. Бул да өтө маанилүү. Анткени дал ушундай кадамдардан чоң жол башталат.
Биз Бишкектин бул оюндарды өткөргөнүнө сыймыктанабыз. Бул биз үчүн жөн гана иш-чара эмес — маданиятты өнүктүрүүгө, жаш муунду тарбиялоого жана гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө кошкон салым. Шаарыбыз ар дайым кызматташтыкка, жаңы демилгелерге жана жолугушууларга ачык. Биз талант өсүп, колдоо таба ала турган шарттарды мындан ары да түзө беребиз», — деп белгиледи шаар башчысы.
Кеченин кульминациясы жеңүүчүлөрдүн гала-концерти болду. Анда лауреаттар өздөрүнүн эң мыкты номерлерин тартуулап, жогорку аткаруучулук чеберчилигин, чыгармачылык кайратын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн көрсөтүштү.
ШКУга мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфий оюндары маданияттар диалогуна жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан, таланттуу жаштарды колдоого багытталган жана келечектеги бирдиктүү гуманитардык мейкиндикти калыптандырууга өбөлгө түзгөн маанилүү эл аралык окуя болуп калды.