Бишкек шаарындагы «Газпром - балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын ардактуу коноктору катары Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Бектемиров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жогорку жетишкендиктер спорту боюнча анализ жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Эрмеков, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин башкы катчысы Кылычбек Сарбагишев жана башка коноктор катышты.
Салтанатка Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин кызматкерлери, борбор калаанын төрт административдик районунан спорт боюнча инструкторлору, машыктыруучулар, спорт мектептеринин кызматкерлери, спорт ардагерлери жана эмгек сиңирген ишмерлер катышты.
Куттуктоо сөзүндө мэр Айбек Джунушалиев бүгүнкү күндө борбор калаада 12 спорттук мектеп иш алып барып, анда дээрлик 10 миңге жакын тарбиялануучу машыгып жатканын белгиледи. Ал жаштар үчүн спорт менен машыгууга шарт түзүүнүн жана сергек жашоо образын калыптандыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
«Биздин негизги максат — спортко жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, жаштарды массалык дене тарбияга тартуу жана сергек жашоо образын туруктуу адатка айлантуу. Спортту өнүктүрүү, машыктыруучуларды колдоо жана шарттарды түзүү аркылуу биз күчтүү, дени сак жана максаттуу муунду тарбиялайбыз», — деп белгиледи мэр.
Өз ишине берилгендиги, Бишкек шаарында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодогу эмгеги жана жогорку деңгээлдеги спортчуларды даярдоосу үчүн машыктыруучулар жана спорт мектептеринин жетекчилери Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты. Ошондой эле аларга Бишкек шаардык кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана Улуттук олимпиадалык комитеттин сыйлыктары тапшырылды.
Иш-чара заманбап хореография менен улуттук өзгөчөлүктөр айкалышкан динамикалуу шоу-программа менен башталды. Коноктор үчүн ата мекендик эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштурулуп, анда Жийдеш Идрисова, Адилет Жумабеков жана Омар өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Иш-чаранын алкагында баалуу сыйлыктар ойнотулуп, жеңүүчүлөргө тиричилик техникасы, заманбап электроника жана эстелик белектер берилди.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти уюштурду.