Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын райондорунун тургундары менен жолугушууларды улантууда.
Бүгүн, 2026-жылдын 14-майында, Биринчи Май районунун тургундары менен экинчи күнкү жолугушуу балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунда өткөрүлүп, ага 650дөн ашык адам катышты.
Жолугушуу саат 16:00дө башталып, 7 сааттан ашык убакытка созулду.
Жолугушууда тургундар жер мунапысы, канализация, коомдук транспорт, ичүүчү суу менен камсыздоо, коомдук транспорт каттамдарын иши, ошондой эле социалдык жана муниципалдык объектилерди куруу жана калыбына келтирүү сыяктуу маселелерди көтөрүштү.
Ар бир көтөрүлгөн маселе боюнча жеринде тиешелүү кызматтарга, муниципалдык мекемелердин жана профилдик ведомстволордун жетекчилерине тапшырмалар берилди.
Шаар мэри тургундардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүүнүн зарылдыгына, ошондой эле ААРнын алкагында кошулган айылдар менен иштөөдө шаардык кызматтар тарабынан бюрократиялык мамилеге жана формалдуу жоопторго жол берилбеши керектигине өзгөчө көңүл бурду.
Жолугушууда муниципалдык объектилерди пайдалануу маселеси да талкууланды. Борбор калаада социалдык муктаждыктар үчүн бошотулган имараттарды калыбына келтирүү иштери улантылып жатканы белгиленди. Тактап айтканда, 2025-жылы шаарга сегиз объект кайтарылып берилген, алардын бешөө калыбына келтирилип, ишке киргизилген.
Тургундар өзгөчө көңүлдү сейил бактардагы башаламан соода маселесине бурушту. Шаар башчысы коомдук жайлар өз багыты боюнча колдонулушу керектигин, ал эми соода ишмердүүлүгү шаар тургундарынын эс алуусуна тоскоол болбогондой тартипте, атайын белгиленген жерлерде гана жүргүзүлүшү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, муниципалитет сейил бактарды, скверлерди жана башка коомдук аймактарды башаламан соодадан бошотуу жана тургундардын эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү иштерин улантып жатканы айтылды.
Белгилей кетсек, мэрдин тургундар менен болгон бардык жолугушууларында коомдук кабылдамалар уюштурулуп, шаардыктар жазуу түрүндөгү кайрылууларын жана арыздарын тапшыра алышат. Ошондой эле жеринде прокуратуранын, ички иштер органдарынын жана башка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү иш алып барышат.
Мэр профилдик түзүмдөргө тургундардын кайрылууларын жолугушуу учурунда эле кабыл алып, ар бир түшкөн кайрылууга ыкчам чара көрүүнү тапшырды.
Эскерте кетсек, Ленин районунун тургундары менен жолугушуу 15-майда саат 16:00дө К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде өтөт. Дареги: Ч.Айтматов проспектиси, 24.