Бүгүн, 2026-жылдын 3-июнунда, Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы №99 мектепте VI Эл аралык "Наристе"  балдар фольклор фестивалынын алкагында "Мурас-Ордо" конушунун кичинекей тургундары үчүн майрамдык концерт өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева катышты.

Майрамдык программа фестивалдын "Чоң тегерек бий" аттуу гимнинин аткарылышы жана катышуучу өлкөлөрдүн парады менен башталды. Сахнада жаш артисттер, музыканттар жана бий топтору өнөрлөрүн көрсөтүп, өз элдеринин бай маданий мурастарын тартуулашты.

Иш-чаранын соңунда "Бишкегим" аттуу вокалдык-хореографиялык композиция жаңырып, бардык балдарга балмуздак таратылды.

"Наристе" фестивалы бул сулуулуктун, чыгармачылыктын жана элдердин достугунун жаркын майрамы. Ал ар кайсы өлкөлөрдөн келген балдарды искусство, маданият жана каада-салттар аркылуу бириктирет. Быйыл фестивалга Кыргызстандан, Беларусь Республикасынан, Казакстандан, Түштүк Кореядан, Түркиядан, Өзбекстандан, Монголиядан, Румыниядан жана Россия Федерациясынан келген чыгармачыл коллективдер катышууда.