Бишкекте катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр энергиясын өндүрүү боюнча эко-технологиялык заводдун экинчи этабынын курулушунун мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү.
Аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Бишкек шаарыны мэри Айбек Джунушалиев, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин, «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясынын директору Дай Даого жана башкалар катышты.
Долбоордун экинчи этабына суткасына 2000 тоннага чейин кубаттуулуктагы эко-технологиялык заводдун экинчи блогун жана 60 МВт кубаттуулуктагы заманбап энергетикалык комплексти куруу кирет.
Объект ишке киргенден кийин жылдык электр энергиясын өндүрүү болжол менен 307 миллион кВт/саатты түзөт, бул болжол менен 100 000 үйдү электр энергиясы менен камсыз кылууга жетиштүү болот.
Долбоор заманбап калдыктарды термикалык иштетүү технологияларын жана эл аралык экологиялык стандарттарга жооп берген көп баскычтуу эмиссияларды тазалоо системасын колдонуу менен ишке ашырылууда. Экинчи фазанын аякташы калдыктарды жок кылуу көлөмүн бир топ азайтып, шаардын таштанды полигонуна түшкөн жүктү жеңилдетет, экологиялык абалын жакшыртат жана жаңы жумуш орундарын түзөт.
Толук ишке киргенден кийин эко-технологиялык завод күнүнө 3000 тоннага чейин катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетип, 90 МВтга чейин электр энергиясын өндүрө алат.
Экинчи этаптын курулушу Бишкекте заманбап тиричилик калдыктарды башкаруу системасын жана экологиялык инфраструктураны өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Долбоор шаардын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга салым кошот.
Эскерте кетсек, Бишкек катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүү боюнча эко-технологиялык заводдун биринчи фазасынын алкагында 1500 тоннадан ашык калдыктарды кайра иштетип жатат.