Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаада реконструкцияланып жаткан объектилерге жана ШКУнун саммитине даярдык көрүүнүн алкагында иштер жүрүп жаткан тилкелерге көчмө жыйын өткөрдү.
Сапардын жүрүшүндө калаа башчысы Малышев, Можайский, Профессор Зима, Кронштадт жана Фучик көчөлөрүнүн реконструкциялоо жүрүп жаткан иштердин жүрүшүн текшерди. Жол инфраструктурасын курууга гана эмес, ошондой эле чектеш аймактарды комплекстүү жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Мэр реконструкцияланып жаткан көчөлөрдүн бойлорун сапаттуу жашылдандырууну, имараттардын фасадынын көрүнүшүн жаңылоону, расмий делегациялар өтүүчү каттамдарда жайгашкан жарнамалык конструкцияларды жана маалымат такталарын тартипке келтирүүнү тапшырды.
Шаар башчысы тротуарларды курууда бак-дарактардын сакталышын камсыз кылууга, түптөрүн бетондоп салбоого милдеттендирди.
Ошондой эле пандустарды орнотууда майыптыгы бар жарандардын тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыз кылуу максатында эңкейиш нормаларынын талаптарын сактоо тапшырылды.
Мындан тышкары, муниципалдык аймакты өз алдынча ээлеп алган объекттердин ээлерине эскертүүлөрдү берип, чарба жүргүзүүчү субъекттерди чектеш аймактарды тийиштүү абалга келтирүүгө милдеттендирүү тапшырылды.
Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине шаарды даярдоонун алкагында калаа башчысы Манас проспектиндеги айланма жолду уюштуруу иштерин текшерди, ал жерде илбирс эстелигин орнотуу пландалууда.
Андан соң Айбек Джунушалиев Васильевский тракт — Түндүк айланма жолу жана Васильевский тракт — Дача-Суу автожолдорунун кесилишиндеги эки жол өтмөгүнүн (путепровод) реконструкцияланышын текшерди. Подряддык уюмдардын алдына аткарылып жаткан иштердин жогорку сапатын камсыз кылуу жана белгиленген мөөнөттөрдү сактоо милдети коюлду. Жооптуу кызматтарга ошондой эле көрсөтүлгөн тилкелерде автотранспорттун токтошуна тыюу салган зарыл жол белгилерин орнотуу тапшырылды.
«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына заманбап ландшафттык дизайн чечимдерин колдонуу менен транспорттук түйүндөрдү сапаттуу жашылдандыруу тапшырылды.
Сапардын аягында мэр «Аска-Таш» мемориалдык комплексине барып, фонтандарды оңдоонун жана аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышты. Жооптуу кызматтарга жашыл аймактарды сугарууну күчөтүү жана комплекстин аймагын тийиштүү абалга келтирүү иштерин тездетүү тапшырылды.
Сапардын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Бишкек — «Манас» эл аралык аэропорту трассасынын бойлорундагы бак-дарактарды актоону жүргүзүүнү тапшырып, бардык иштер сапаттуу, белгиленген мөөнөттө жана көрктөндүрүү талаптарын сактоо менен аткарылышы керектигин баса белгиледи.