Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 19-августта «Алга» спорт комплексинин стадионунда өткөн Кыргыз Республикасынын 2026-жылдагы Суперкубогу үчүн футболдук беттешке барды.

Жаңы сезондун алгачкы кубогу үчүн болгон оюнда Кыргызстандын учурдагы чемпиону — Каракол шаарынан келген «Барс» футболдук клубу жана 2025-жылдагы Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси — Бишкек шаарынан  «Дордой» футболдук клубу беттешти.

Оюндун жыйынтыгында «Барс» «Дордойду» 2:0 эсебинде жеңип, Кыргызстандын 2026-жылдагы Суперкубогунун ээси болду.