Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө карата борбор калаада жүргүзүлүп жаткан даярдык иштеринин жүрүшүн текшерди.
Шаар башчысы эл аралык «Манас» аэропортунан расмий делегациялар өтө турган маршрут боюнча жайгашкан объектилердин жана аймактардын абалын жеринен көрүп чыкты.
Текшерүүнүн алкагында мэр Манас көчөсүндөгү (мурдагы Васильевский тракты) жол түйүнүн реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тилкеге илбирстин эстелиги түшүрүлгөн жаңы стела да орнотулду.
Мындан тышкары, Айбек Джунушалиев «Аска-Таш» мемориалдык комплексин реконструкциялоо иштеринин жана Манас көчөсүндөгү (мурдагы Васильевский тракты) көпүрө өткөөлдөрүн капиталдык оңдоонун жүрүшүн көрүп чыкты.
Аталган объектилерде реконструкциялоо боюнча негизги иштер аяктады. Учурда алардын айланасындагы аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери уланууда.
«Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасына көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жооптуу кызматтарга бардык зарыл болгон иштерди белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүү жана ШКУнун саммити менен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде объектилердин жана аларга чектеш аймактардын тийиштүү абалын камсыз кылуу тапшырылды.