2026-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Коммунаров көчөсү, 93 дарегинде жайгашкан №63 бала бакчанын капиталдык оңдоодон жана жаңылоодон кийинки ачылышына катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мэр бала бакчанын топтук бөлмөлөрүнүн, ашканасынын, оюн аянтчаларынын жана башка инфраструктуралык объектилеринин абалы менен таанышты. Өзгөчө балдардын коопсуздугуна, аткарылган иштердин сапатына жана аймакты мындан ары көрктөндүрүүгө көңүл бурулду.
Айбек Джунушалиев тиешелүү кызматтарга өрт коопсуздугу, аймакты уюштуруу жана зарыл болгон тосмолорду орнотуу маселелерин кошумча карап чыгууну тапшырды. Ошондой эле оюн аянтчаларынын жабуусуна көңүл буруп, анын коопсуздук талаптарына жооп беришин жана балдар үчүн оюн учурунда ыңгайлуу шарттарды камсыз кылышын тапшырды.
Мындан тышкары, аткарылган бардык иштер сапаттуу болуп, балдар тарабынан толук кандуу пайдаланылышы керектиги белгиленди. Бала бакчага жанаша жайгашкан аймакта көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү жана жаңы бак-дарактарды отургузуу үчүн жерлерди даярдоо пландалууда.
Иш-чаранын алкагында мэр жакынкы үйлөрдүн тургундары менен да жолугушту. Тургундар жүргүзүлгөн иштер жана бала бакчанын кайрадан калыбына келтирилгени үчүн ыраазычылыгын билдиришти.
Бала бакчаны капиталдык оңдоо жана жаңылоо иштерин Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүздү. Иштерге 118 млн сом каражат жумшалды.
Имараттын жалпы аянты 2 304,8 чарчы метрди, жер тилкесинин аянты 0,79 гектарды түзөт. Эки кабаттуу имарат 280 балага ылайыкталган. Ал эми жыйылып-жайылуучу керебеттерди колдонуу менен бала бакчага 500 балага чейин алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Буга чейин бала бакчанын имараты 1990-жылдары жеке менчикке өткөрүлүп берилген. 2024-жылы объект муниципалдык менчикке кайтарылып, 2025-жылы аны калыбына келтирүү жана жаңылоо иштери башталган.
Капиталдык оңдоо иштеринин алкагында имараттын негизги каркасы сакталды. Ички жана тышкы жасалгалоо иштери, инженердик коммуникациялар жана башка зарыл элементтер толугу менен жаңыртылды. Имараттын тарыхый көрүнүшүн сактоо максатында фасадында совет дооруна таандык эки мозаика калтырылды.
Бала бакчада оюн жана уктоочу бөлмөлөр, медициналык кабинет, ашкана, музыкалык жана гимнастикалык залдар, санитардык бөлмөлөр жана башка зарыл болгон жайлар каралган. Майыптыгы бар адамдар үчүн пандустар орнотулду.
Бала бакчанын аймагында 12 оюн аянтчасы курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
Объектти капиталдык оңдоо жана жаңылоо иштерин «Эйти Эмпайр» ЖЧКсы аткарды.