29-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Максат Алымбаев «Көлмө» конушундагы Жаз көчөсүндө жаңы көрктөндүрүлгөн сейил бактын ачылышына катышты.
Мэр сейил бактын аймагын, спорттук жана балдар аянтчаларын, жөө адамдар жүрүүчү зоналарды, жарыктандыруу системасын жана ага чектеш аймакты көрүп чыкты. Ошондой эле жашоочулар менен бирге аймакты коопсуз жана ыңгайлуу пайдалануу үчүн кошумча иштеп чыгууну талап кылган маселелер талкууланды.
Жашоочулар «Коопсуз шаар» системасынын алкагында видеокөзөмөл камераларын орнотуу өтүнүчү менен кайрылышты. Мэр тиешелүү кызматтарга бул маселени карап чыгууну тапшырды. Ошондой эле белгиленген ченемдерге ылайык, ага чектеш жолдо жөө адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүү маселесин кароо тапшырылды.
Жөө адамдардын ыңгайлуу жүрүүсү үчүн тротуарларга таман таш төшөлдү. Жашоочулардын активдүү эс алуусу үчүн кичи футбол талаасы, воркаут жана спорттук комплекстер орнотулду. Балдар үчүн жумшак резина жабуусу төшөлгөн оюн аянтчасы курулду. Коопсуздук максатында суу агызуучу лотоктор жайгашкан тилке тор тосмо менен тосулду.
Сейил бактын аймагына отургучтар орнотулуп, жарыктандыруу системасы каралган.
Мэр ошондой эле ага чектеш аймактын айрым тилкелерин кошумча жакшыртуу зарылдыгына көңүл бурду. Анын ичинде асфальт төшөлгөн жана пандус жайгашкан тилкени иретке келтирүү маселеси белгиленди. Унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратпастан, жолго ыңгайлуу жана коопсуз чыгууну камсыз кылуу тапшырылды.
Долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан ишке ашырылды. Курулуш иштерин «Левел Билдинг» ЖЧКсы аткарды.
Сейил бактын ачылышынын алкагында салтка айланган «тушоо кесүү» аземи өттү. Жашоочулар аймакты көрктөндүрүү иштерин жүргүзүп, балдар жана чоңдор үчүн эс алууга шарт түзгөндүгү үчүн мэрге жана шаардык кызматтарга ыраазычылыгын билдиришти.