Бүгүн, 2026-жылдын 2-октябрында, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган «Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференциянын ишине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Кыргыз Республикасынын Баатыры, «Легендарлуу парламенттин» төрагасы Медеткан Шеримкулов, Азия илимдер академиясынын вице-президенти, Азия илимдер академиясынын Эл аралык инфраструктуралык жана стратегиялык демилгелер боюнча кеңешинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, профессор, академик Акылбек Жапаров, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимий жана эксперттик коомчулуктун, муниципалдык органдардын өкүлдөрү, архитекторлор, шаар куруу адистери, экологдор, экономисттер, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана жаш окумуштуулар катышты.
Борбор калаанын башчысы Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, илимий жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү менен конструктивдүү кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев конференциянын катышуучулары тарабынан сунушталган сунуштар жана илимий иштеп чыгуулар борбор калааны мындан ары өнүктүрүүнүн багыттарын аныктоодо маанилүү экенин белгилеп, алар шаарды өнүктүрүүгө карата практикалык ыкмаларды калыптандырууда эске алынарын билдирди.
Конференциянын негизги максаты — эгемендүүлүк жылдарындагы Бишкек шаарынын өнүгүү жолун илимий-практикалык жактан талдоо, жетишилген натыйжаларды, актуалдуу көйгөйлөрдү жана заманбап чакырыктарды талкуулоо, ошондой эле борбор калааны мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болду.
Конференциянын жүрүшүндө шаардык чөйрөнү өнүктүрүүгө байланышкан кеңири маселелер талкууланды. Анын ичинде шаар куруу жана архитектура, транспорттук жана социалдык инфраструктура, экологиялык абал, жашыл аймактарды сактоо жана кеңейтүү, маданий мейкиндикти өнүктүрүү, борбор калаанын экономикалык жана инвестициялык потенциалы, муниципалдык башкарууну санариптештирүү жана туруктуу шаардык өнүгүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чаранын алкагында Бишкекти өнүктүрүүнүн актуалдуу багыттарына арналган илимий баяндамалар жана аналитикалык материалдар сунушталды. Окумуштуулар, эксперттер жана адистер заманбап шаардык өнүгүү маселелери боюнча пикир алмашып, учурдагы көйгөйлөрдү белгилешти жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулашты.
Конференция ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, илимий коомчулуктун жана тармактык адистердин өз ара кызматташуусу үчүн аянтча болуп берди. Катышуучулар борбор калаанын мындан аркы өнүгүүсүн пландаштырууда анын тарыхый мурасын, калктын азыркы керектөөлөрүн жана социалдык-экономикалык өсүштүн келечегин эске алуу менен комплекстүү жана илимий жактан негизделген мамиленин маанилүүлүгүн белгилешти.
Конференциянын жыйынтыгында Бишкек шаарын мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды камтыган резолюция кабыл алынды. Документте борбор калаанын туруктуу, тең салмактуу жана келечекке багытталган өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын көңүл буруусун талап кылган негизги багыттар чагылдырылды.