Бүгүн, 2026-жылдын 3-октябрында, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев, ошондой эле борбор калаанын билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.
Борбор калаанын мэри педагогдорду кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын жаш муунду окутуу жана тарбиялоодогу маанилүү ролун белгиледи.
«Бүгүнкү күндө мугалим, мектеп директору — бул жөн гана кесип эмес, борбор калаанын жана жалпы мамлекеттин өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү. Кайсы жерде маанилүү иш-чаралар өтпөсүн, биз ар дайым сиздерге кайрылабыз, сиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө, тажрыйбаңыздарга жана терең билимиңиздерге таянабыз. Сиздердин тажрыйбаңыздар менен билимиңиздер чындап эле баа жеткис. “Кылым жаша — кылым оку” деп бекеринен айтылбайт. Бул сөз ар бирибизге толук тиешелүү. Сиздер менен баарлашуу — билим дүйнөсүнө дагы бир ирет сүңгүп кирүүгө, баалуу маалыматтарды алууга жана тажрыйбаңыздардан үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет», — деп белгиледи мэр._
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы 122 муниципалдык мектепте, 129 мектепке чейинки билим берүү уюмунда жана кошумча билим берүү мекемелеринде 12 миңден ашык педагогикалык кызматкер эмгектенет.
Акыркы үч жыл ичинде Бишкекте 26 жаңы мектеп жана окуу корпусу курулуп, пайдаланууга берилди. Ошондой эле 144 билим берүү мекемесинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, 21 жаңы бала бакча жана эки кошумча корпус ачылды.
Кошумча билим берүүгө да өзгөчө көңүл бурулууда. Шаарда 335 ийрим иштеп, аларга 14 миңден ашуун бала катышат. Ишке ашырылган долбоорлордун катарында балдардын техникалык чыгармачылыгын, интеллектуалдык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган жаңы Жаш техниктер станциясы бар.
Майрамдык иш-чаранын алкагында «2026-жылдын мыкты мугалими» аттуу шаардык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Жалпысынан биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сом өлчөмүндө сертификаттар тапшырылды.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэри сынактын жыйынтыгы боюнча эң жогорку жыйынтыктарга жетишкен үч педагогду өзгөчө белгиледи. №84 мектептин «Адам жана коом» сабагынын мугалими Карыбекова Нургүл Мекеиловнага Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычы, №118 мектептин тарых мугалими Белекова Жылдыз Бектуровнага Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычы тапшырылды.
Эң жогорку жыйынтыкты №31 мектептин музыка мугалими Нурбек Айдарбек уулу көрсөттү. Бул жетишкендиги үчүн ага МИКтин турак жай программасынын алкагында «Асман Резиденс» турак жай комплексиндеги бир бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды. Мындан тышкары, мэр ага үй-бүлөсүнө керектүү тиричилик техникасын сатып алуу үчүн 500 миң сомдук сертификат тапшырды.
Билим берүү тармагында өзгөчөлөнгөн бир катар кызматкерлерге ыраазычылык каттары, Ардак грамоталар, күмүш төш белгилер жана «Патриот» белгиси, ошондой эле баалуу белектер — Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын атынан кол сааттар тапшырылды.
Иш-чарага чакырылган билим берүү тармагынын бардык кызматкерлерине да эстелик белектер — аэрогрилдер берилди.
Майрамдык программа чыгармачыл жамааттардын жана аткаруучулардын катышуусундагы концерттик программа менен уланды.