Бүгүн, 2026-жылдын 6-октябрында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин катышуусунда онлайн форматта 20 социалдык объекттин ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсү, 54/7 дарегинде жайгашкан №83 жалпы билим берүүчү мектебинин кошумча корпусу пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты.
«Ырыс Малик» ЖЧКсы тарабынан курулган №83 мектептин жаңы эки кабаттуу корпусу 1200 окуучуга ылайыкталган. Имаратта 40 окуу кабинети, эки компьютердик класс, спорттук жана бий залдары, китепкана, ашкана, актовый зал, медициналык пункт жана башка зарыл болгон бөлмөлөр каралган.
Белгилей кетсек, иш-чаранын алкагында Бишкек шаарында жалпысынан 10 билим берүү мекемеси ачылды:
«Ак-Ордо» конушундагы №125 мектеп;
«Красный Строитель» конушундагы №32 мектептин кошумча корпусу;
«Киркомстром» конушундагы №42 мектептин кошумча корпусу;
«Кашка-Баш» конушундагы №124 мектеп;
«Арча-Бешик» конушундагы №79 мектептин кошумча корпусу;
№83 мектептин кошумча корпусу;
«Калыс-Ордо» конушундагы №86 мектептин кошумча корпусу;
«Өскөн-Ордо» конушундагы №120 мектеп;
«Көк-Жар» конушундагы №122 мектеп;
«Дордой» конушундагы №94 мектептин кошумча корпусу.