2026-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарында Экологиялык кеңештин төртүнчү отуруму өттү. Жыйын И. Айдарбеков көчөсүндөгү жаңыланган бульварда ачык форматта уюштурулду.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, шаардык кызматтардын жетекчилери, активдүү жарандар, экоактивисттер, ыктыярчылар, коомдук уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер катышты.
Иш-чаранын башында катышуучулар жаңыланган бульварды жөө кыдырып, реконструкция иштеринин жыйынтыктары, көрктөндүрүү объектилери, жашылдандыруу элементтери жана жаңыланган ирригациялык инфраструктура менен таанышты. Ошондой эле бак-дарактар отургузулду.
Андан соң Экологиялык кеңештин расмий бөлүгү өтүп, анын алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кеңештин катышуучуларына кайрылды.
Борбор калаанын мэри жыйынды ачык аянт форматында өткөрүү аткарылган иштердин жыйынтыктарын көрсөтүүгө гана эмес, шаар тургундары менен учурдагы маселелерди жана сунуштарды түздөн-түз талкуулоого да мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.
«Баарыңыздарды бүгүн көргөнүмө кубанычтамын. Экологиялык кеңеш бара-бара жакшы салтка айланып баратат. Бүгүнкү аба ырайы отурумду түздөн-түз жаңыланган бульвардын аймагында өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Бул аянтчаны атайын тандап алдык, анткени буга чейин социалдык тармактарда бул жер боюнча көптөгөн талкуулар жана сын-пикирлер айтылган. Бульвардын тарыхы аяктады, мындан ары келечеги жок, аймак начар абалга келип калды деген пикирлер да болгон. Бүгүн биз бульвардын кандай өзгөргөнүн, кандай чечимдер ишке ашырылганын жана тигил же бул объектилер менен аянтчалар эмне максатта түзүлгөнүн көрсөтүүнү кааладык.
Белгилей кетүүчү нерсе, сунуштардын жана чечимдердин кыйла бөлүгү дал ушул Экологиялык кеңештин отурумдарынын алкагында иштелип чыккан. Бүгүн биз бул чечимдердин практикада кандай ишке ашырылып жатканын жана мындан ары кайсы багытта өнүгүүнү көздөп жатканыбызды көрө алабыз.
Ошол эле учурда бүгүнкү кыдыруу учурунда дагы деле чечүүнү талап кылган маселелер жана эскертүүлөр бар экенин көрдүм. Биз аларды угууга жана талкуулоого даярбыз. Эгер сунуштар негиздүү болуп, шаардын мүмкүнчүлүктөрүнө туура келсе, биз өз иш-аракеттерибизге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө даярбыз», – деди Айбек Джунушалиев.
Андан соң Алматы шаарынан чакырылган конок, ландшафт архитектору, урбанист, Envicon-A архитектуралык бюросунун башкы директору Роман Шнайдерман презентация жасады. Ал Бишкектин шаардык чөйрөсүн өнүктүрүү жана жашылдандыруу боюнча сунуштарын жана заманбап ыкмаларын тааныштырып, жашыл мейкиндиктерди түзүү, көрктөндүрүү жана аларды күтүү боюнча практикалык тажрыйбасы менен бөлүштү.
Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарына декоративдүү бадалдардын 2 878 көчөтү берилди. Алар жаңыланган бульвардын аймагына отургузулду. Алардын арасында дерен, пузыреплодник, гортензия жана котовник бар.
Отурум «суроо-жооп» форматындагы ачык талкуу менен жыйынтыкталды. Катышуучулар жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, коомдук мейкиндиктерди өнүктүрүү, сугатты натыйжалуу уюштуруу жана борбор калаанын мындан аркы экологиялык өнүгүүсү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Талкуу учурунда катышуучулар тарабынан айтылган бардык сунуштар жана сунуштамалар каттоого алынып, аларды мындан ары ишке ашыруу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматтары тарабынан дыкат каралат.
Жыйындын соңунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышуучуларга ачык диалог жана шаарды өнүктүрүү маселелерин талкуулоого активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
«Катышканыңыздар жана ачык баарлашуу үчүн баарыңыздарга рахмат. Иш жүрүп жаткан жерде ар дайым кемчиликтер болушу мүмкүн экенин түшүнөбүз. Албетте, сын айтылганда биринчи каалоо – түшүндүрүү же өзүбүздү актоо. Бирок биздин милдетибиз бул эмес. Биз конструктивдүү сын-пикирлерди кабыл алабыз жана жакшыртууга мүмкүн болгон нерселердин үстүндө иштөөгө даярбыз», – деп белгиледи борбор калаанын мэри.