2026-жылдын 2-ноябрында «Тунгуч» залында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө олуттуу салым кошкон кызматкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү.

Кызматкерлерге сыйлыктарды Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тапшырды.

Борбор калаанын мэри кызматкерлерге кесипкөйлүгү, өз ишине жоопкерчиликтүү мамилеси жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү — жогорку кесипкөйлүктү, биргелешкен аракетти, уюштуруучулук жөндөмдү жана чоң жоопкерчиликти талап кылган масштабдуу иш.

Ар бириңиздер бул маанилүү эл аралык иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүүгө өз салымыңызды коштуңуздар. Аткарган эмгегиңиздер үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Эмгегиңиздер ар дайым татыктуу бааланып, алдыда жаңы кесиптик жетишкендиктерге жана ийгиликтерге жетишиңиздерди каалайм!» — деп белгиледи мэр.

Сыйлоо аземинин алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерине борбор калаанын мэриясынын атынан Ардак грамоталар жана баалуу белектер — кол сааттар тапшырылды.