Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардагы бир катар объектилерди кыдыруунун алкагында А. Масалиев көчөсүндө (мурдагы Чортеков көчөсү) А. Токомбаев көчөсүнөн №4 шаардык ооруканасына чейинки аралыкта курулуп жаткан жаңы сквердин иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Шаар башчысы аймакты көрүп чыгып, объектти мындан ары көрктөндүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Долбоордун алкагында 1 250гө жакын бийик бойлуу жалбырактуу дарак отургузуу пландалууда.
Айбек Джунушалиев жанаша жайгашкан жеке менчик аймактарды текшерип, алардын ээлери жана ишкердик субъекттери менен көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү боюнча иш алып барууну тапшырды.
Мэр жөө адамдар үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Ал тротуарларды кескин бурчтарсыз, ийри сызыктар менен курууну, араба менен жүргөн адамдарга жана велосипедчендерге ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды.
Тургундардын өтүнүчүн эске алуу менен мэр жөө адамдардын иш жүзүндөгү агымын изилдеп, жер алдындагы жөө өтмөк куруу маселесин кароону тапшырды.
«Биз тургундардын жана ишкердик субъекттеринин пикирлерин мүмкүн болушунча эске алабыз. Ошол эле учурда бардык чечимдер негиздүү болуп, шаардык чөйрөнүн ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталышы керек», — деп белгиледи Айбек Джунушалиев.
Мэр жаңы сквер борбор калаадагы ири коомдук жайлардын бирине айланып, көрктөндүрүү деңгээли жана функционалдык мүмкүнчүлүктөрү боюнча Дзержинский атындагы парк жана Жаш Гвардия бульвары сыяктуу белгилүү эс алуу жайларына тең келиши керектигин баса белгиледи.
Жергиликтүү тургундар кайрылууларына көңүл буруп, маселелерди жеринде карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алгандыгы үчүн мэрге ыраазычылык билдиришти.