Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, мэриянын атынан Ардак грамоталарды жана кол сааттарды тапшырды.

Шаар башчысы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен конструктивдүү кызматташуунун, алардын борбор калаанын өнүгүшүнө кошкон салымынын жана шаар турмушундагы актуалдуу маселелерди чагылдыруудагы ролунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз жалпыга маалымдоо каражаттары менен түзүлгөн конструктивдүү кызматташтыкты, шаардын өнүгүшүнө болгон кызыгууңуздарды, шаар тургундарынын көйгөйлөрүнө кайдыгер карабаганыңызды жана болуп жаткан окуяларды объективдүү чагылдырууга болгон умтулууңуздарды жогору баалайбыз. Биз сын-пикирлерге туура мамиле жасап, сапаттуу жооп кайтарууга аракет кылабыз.

Даярдаган материалдарыңыз окурмандардын, көрүүчүлөрдүн жана угармандардын купулуна толуп, эмгегиңиздер ар дайым суроо-талапка ээ болуп, татыктуу баалансын», — деп белгиледи Айбек Джунушалиев.

Иш-чаранын соңунда журналисттерге кесиптик ишмердүүлүгү жана коомчулукту маалымат менен камсыз кылууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык иретинде эстелик белектер тапшырылды.

Иш-чарага журналисттер, редакторлор, басма сөз кызматтарынын кызматкерлери, Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары жана район акимдери катышты.

Бишкек шаарынын мэриясы жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди, шыктанууну, объективдүү материалдарды жана жаңы кесиптик жетишкендиктерди каалайт!