Бишкек шаарынын «Арча-Бешик» конушундагы Шералиев көчөсүндө тургундардын активдүү эс алуусуна, спорт менен машыгуусуна жана үй-бүлөлүк эс алуусуна арналган жаңы көрктөндүрүлгөн коомдук жайдын ачылышы болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жаныбек Абиров, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Миргүл Расул кызы жана Тилек Асылбеков, ошондой эле конуштун тургундары катышты.
Жаңы объекттин ачылышы менен шаар тургундарын куттуктаган борбор калаанын мэри бардык курактагы адамдар үчүн спорт менен машыгууга жана сергек жашоо образын карманууга жеткиликтүү шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Биз мындан ары да балдардын спорт менен машыгуусуна, ал эми улуу муундун өкүлдөрүнүн ден соолугун чыңдап, активдүү жашоо образын карманышына шарт түзүүгө даярбыз. Жогорку Кеңештин депутаттары да актуалдуу маселелерди көтөрүп, Бишкек шаарынын тургундарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү аркылуу борбор калаанын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп жатышат. Шаарыбызды мындан ары да биргелешкен аракеттер менен гана өнүктүрө алабыз. Борбор калаада мындай заманбап спорттук жана коомдук жайлар көбөйүп, шаар тургундарынын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттар тынымсыз жакшыра берсин», — деп баса белгиледи Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев.
Көрктөндүрүлгөн аймактын жалпы аянты 0,6 гектарды түзөт. Бул жерде футбол жана баскетбол аянтчалары, эки воркаут-зона, бастырманын астында шахмат ойноочу жай жана балдар үчүн эки оюн аянтчасы уюштурулган. Коомдук жайды түзүүдө ар кандай курактагы тургундардын кызыкчылыктары эске алынган.
Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында оюн аянтчалары атайын резина төшөлмө менен жабдылган. Мындан тышкары, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү ички жолдорго таман таш төшөлүп, сырткы жарыктандыруу системасы орнотулган. Ошондой эле отургучтар жана таштанды челектери коюлган.
Ачылыш аземинин алкагында жергиликтүү тургундар үчүн майрамдык концерт уюштурулуп, ага кыргыз эстрада ырчылары жана Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу чыгармачыл жамааттар катышты.
Көрктөндүрүү иштери Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылган. Башкы подрядчы — «Левел Билдинг» жоопкерчилиги чектелген коому.
Мындан тышкары, скверди кыдыруу учурунда мэр Ленин районунун акимине коомдук жайдын айланасындагы жолдорду куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.