Санкт-Петербугдун губернатордук лицейи менен Бишкек шаарынын мектептеринин бири менен «Физика-математика багытында жаңы инновациялык технологияларды үйрѳнүү», ошондой эле, мектеп мугалимдеринин тажрыйба алмашуусу жѳнүндѳ келишим түзүлѳт.
Эскерте кетсек, Санкт-Петербург шаарында Бишкектин күнүн ѳткѳрүү үчүн Бишкек шаарынын делегациясы расмий сапар менен келген.