Мелдеш Р.Санатбаев атындагы адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр олимпиадалык резерв спорт мектебинин залында өткөрүлүп, жети категорияда (50, 55, 60, 66, 74, 84, + 96кг) 112 спортчу катышты.
Аталган мелдеш шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчилиги алдында өттү.
Балдар арасында грек-рим күрөшү боюнча ачык биринчиликте төмөнкүлөр жеңишке ээ болушту:
50 кг салмактык категорияда: 1-орун – Каныбек уулу Кудайберген, 2-орун – Азиз Батырбеков, 3-орун – Төрөбай уулу Ибрахим жана Нурсултан Абдыкалыков.
55 кг салмактык категорияда: 1 -орун – Токтогул уулу Бек, 2 -орун – Баялы Акжолбеков, 3-орун– Жыргалбай уулу Чолпонбек жана Темирбек уулу Мурат.
60 кг салмактык категорияда: 1 -орун – Жанат Абасбеков, 2 -орун – Сыймык Махмудов, 3 -орун – Ырысалы Бейшенов жана Базарбай уулу Дастан.
66 кг салмактык категорияда: 1 -орун – Айдар Айтматов, 2 -орун – Азизбек Полтабеков, 3 -орун – Өскөнбай уулу Элдос жана Болотбек Ашралиев.
74 кг салмактык категорияда: 1 -орун – Ильяз уулу Ренат, 2 -орун - Дмитрий Хрипченко, 3 -орун – Азат Салидинов жана Жумашай уулу Бектемир.
85 кг салмактык категорияда: 1 -орун – Медер Абыкеев, 2 -орун – Мелис Айтбеков, 3 -орун – Рашит Масюмов жана Шахназар Джээналиев.
96 кг жогору: 1 -орун – Талантбек уулу Амангелди, 2 -орун – Роман Муратов.
Бардык жеңүүчүлөр медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.